Шушанын 2022-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланышы сунушталды

Азербайжан армиясы 2020-жылдын 8-ноябрында Шушаны оккупациядан бошоткон болчу.

1566895
Шушанын 2022-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланышы сунушталды

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Армениянын оккупациясынан бошотулган Азербайжандын Шуша шаарын 2022-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялоону сунуштады. 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Дүсен Кассеинов жана Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун башчысы Гүнай Эфендиева менен сүйлөштү.

Видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөгөн Алиев, Шуша шаарын өлкөнүн "маданий борбору" деп жарыялаганын белгилеп, шаар калыбына келтирилгенден кийин ал өзүнүн жаратылышы, географиялык абалы, тарыхы жана эстеликтери менен бир гана Азербайжандын эмес, бүтүндөй аймактын маданий борбору боло алат деп айтты.

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Амреев да жыл сайын бир шаарды Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялагандарын эске салып: «Биз 2022-жылы Шушаны "маданий борбор "деп жарыялоону жана ал жакта маданий иш-чараларды уюштурууну сунуштайбыз. Келгиле иштеп баштайлы жана 2022-жылы Шушада 20га жакын маданий иш-чараларды уюштуралы. Ошол убакка чейин Шуша калыбына келтирилип, мурунку абалына айланат деп ишенем. Биз ар дайым сиз менен болгонбуз жана мындан ары да жаныңызда болобуз»,- деди.

Азербайжандын тарыхынын жана маданиятынын символдорунун бири болуу менен бирге аймактагы географиялык абалы жана Тоолуу Карабахтын эң ири шаары болгон Ханкенди жолунда жайгашкандыгы үчүн стратегиялык жактан маанилүү Шуша шаары 1992-жылы 8-майда армян аскерлери тарабынан оккупацияланган болчу.

Азербайжан армиясы 2020-жылдын 8-ноябрында Шушаны оккупациядан бошоткон.



Тектеш кабарлар