Семейде болгон алгачкы ядролук сыноонун 70 жылдыгы

Казакстандын чыгыш жагындагы Cемейде 40 жылдын ичинде 456 атом бомбасы жардырылды.

1260942
Семейде болгон алгачкы ядролук сыноонун 70 жылдыгы

Казакстандын чыгыш жагында орун алган Семейде ядролук сыноолор башталгандан бери 70 жыл өттү.

Советтер Союзунун ядролук сыноо аянты болгон аймакта 22 килотонналык алгачкы атом бомбасы 1949-жылы 29-августта жардырылган.

40 жыл бою Семей аймагында 456 ядролук сыноо ишке ашты.

Жарылуулардын күчү Хиросимага ташталган бомбадан 2500 эсе ашып 1,5 миллион адам жана 300 чарчы километрдик аянт радиацияга дуушар болду.

Семейдин жабылышы болсо башталгандан толук 42 жыл өткөн соң 1991-жылы 29-августта мүмкүн болду.

Бул чечим Советтер Союзу таркай электе Казакстандын эл башчысы Нурсултан Назарбаевдин аракеттери менен Москвадагы Политбюродон чыгарылды.

Аймакта сыноолордон келип чыккан радиациянын таасири дагы деле көрүнүүдө...



Тектеш кабарлар