Стамбул-Бишкек чартердик аба каттамы...

2020-жылдын 15-майындагы Стамбул-Бишкек чартердик аба каттамы тууралуу маалымат.

1416165
Стамбул-Бишкек чартердик аба каттамы...

Кыргызстан менен Түркия мамлекеттеринин тийиштүү мекемелеринин ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасында Элчилик уюштурган, 2020-жылдын 15-майында саат 03:10до “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын ТК 344 рейси менен Стамбул-Бишкек багыты боюнча Стамбул эл аралык аэропортунан чартердик аба каттамын ишке ашыруу пландаштырылууда. Авиабилеттердин сатылышы түздөн түз аэропортто тизмеге ылайык жүргүзүлөт, билеттин баасы 187 еврону түзөт. Уруксат берилген жүктүн салмагы 30 кг.

Кыргызстандын жарандарын кайтаруу Элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдук тарабынан түзүлүп келе жаткан тизмелерге ылайык жүргүзүлөт (тизмелер буга чейин Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан расмий сайттарга коюулган). Бул рейс менен биринчи кезекте төмөнкү Кыргызстандын жарандарын алып кетүү пландаштырылууда: дарылануу үчүн келгендер, балалуу аялдар, улгайган адамдар, хронологиялык тартипке ылайык Элчилик жана Башкы консулдукка расмий түрдө кайрылгандар.

Түркиянын 24 шаарынын ортосунда унаа жол каттамдары токтотулганына байланыштуу, Элчилик Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жергиликтүү бийликтерден Кыргызстандын жарандарынын Түркиянын шаарларынан Стамбулга келүүлөрү үчүн уруксат алуу боюнча кайрылган.

Ошол эле учурда, урматтуу тизмедеги жарандар, уруксат алуу процессин тездетүү максатында жергиликтүү бийлик органдарына - Каймакамлыкка, Стамбулга барууга уруксат алуу үчүн бара турчу унаанын номери жана унаанын айдоочусу тууралуу маалыматты камтыган арыз менен кайрылууну сунуштайбыз (бул маалыматты Элчиликтин kgembassy.tr@mfa.gov.kg жана Башкы консулдуктун kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg электрондук почталарына дагы жашаган провинцияларына ылайык тез арада жөнөтүү керек. Стамбул, Анталья, Бурса, Измир, Маниса, Балыкесир, Чанаккале, Биледжик, Коджаэли, Сакарья, Текирдаг, Кыркларели, Эдирне, Ялова провинцияларында жашаган жарандар аталган маалыматты Башкы консулдукка жиберүүсү зарыл, ал эми калган провинциялардагы жарандар Элчилике жөнөтүүсү керек).

Стамбул эл аралык аэропортуна чартердик авиарейстин учушунан 5 саат мурун келүү зарыл.

Чартердик каттамдарды уюштурууда Элчиликтин кылган эмгектери зор жана мекендештер кайдыгер калбай көңүл буруп коюңуздар.

Булак: КРнын Түркиядагы Элчилиги

 



Тектеш кабарлар