Стамбулдан Бишкекке чартердик аба каттамы ишке ашты

КРнын Элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу, түрк бийликтери жана «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 15-майында Кыргызстандын 330 жаранынын өлкөгө кайтуусу боюнча Стамбулдан Бишкекке чартердик аба каттамы ишке ашты.

1418291
Стамбулдан Бишкекке чартердик аба каттамы ишке ашты
Учак Бишкек1.jpg
Учак Бишкек2.jpg
Учак Бишкек3.jpg
Элчилик учак узатуу1.jpg
Элчилик учак узатуу2.jpg

Үстүбүздөгү жылдын 15-майында Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик органдарынын, Элчиликтин, Стамбулдагы Башкы консулдуктун жана «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын аракеттери менен Стамбул-Бишкек каттамы боюнча Кыргызстандын 330 жаранынын мекенибизге кайтуусу ишке ашырылды. Аталган рейс менен жарандардын алдын ала кайрылуулары боюнча Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмелерге ылайык, Түркиянын ар кайсы шаарларында дарылануу, иштөө, окуу жана башка максаттар менен келген жарандар кайтарылды.

Үстүбүздөгү жылдын март айынын аяктарынан бери Түркиянын  көпчүлүк шаарларынын ортосунда унаа жол каттамдары токтотулганына карабастан, Элчилик түрк бийлиги менен биргеликте Кыргызстандын жарандарынын Стамбулга баруулары үчүн жергиликтүү бийликтерден уруксат алуу боюнча маселени чечти. Анкарада жашаган жана башка шаарлардан Анкарага келген жарандар үчүн Эл аралык Стамбул аэропортуна баруу үчүн транспорт уюштурулду.

Кошумчалай кетчү нерсе Анкарадан узатуу убагында Элчилик кызматкерлери кандай иш-алып баргандарына күбө болдук. Атайын уруксат алынган автобустарды камсыздап, интернеттен жар салып, жарандардын ар бирине телефон чалып чакырып, Анкарадагы белгилүү «Бишкек» көчөсүнө чогултушту. Ошондой эле 4 жашар кызы менен жол акысын төлөй албай калган айымды Элчилик уюмдаштырып, Анкарадагы диаспора өкүлдөрү тыйын чогултуп берип узатышты. Элчилик кайтып бараткан жарандарга бет кап жана кол кап таркатып, алардын коопсуздугун камсыздады. Үч автобус Анкарадан Стамбулду көздөй бет алды. Берки шаарлардан дагы автобустар Стамбулга келип, «Стамбул» аэропортунан 330 киши учуп кеткени маалымдалды.

Ал эми КРнын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, жарандарды чогултуп узатуу жөнүндө "Ала-Тоо 24" каналына баяндап берди. Анын айтымында Түркияда 12-майдан тарта Сovid-19 пандемиясына каршы көрүлгөн чаралар жеңилдетиле баштагандыктан мурда кетем деп кайрылган бир топ жарандар жумуш орундары ачыла баштагандыктан кетпей калдык деп кайтуудан баш тартышкан. Ошондой эле Түркиянын мамлекеттик стипендиясын алып окуган студенттер дагы экзамендери жакындагандыктан аны тапшырып кийин кайта тургандарын билдиришкен. Илдет башталгандан бери Элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдук жарандардын тизмесин түзүп, Түркиядан Кыргызстанга 4 ирет чартердик аба каттамын уюштурду.

Элчилик жана Башкы консулдук Кыргызстанга кайтып баруу ниети менен кайрылган жарандардын тизмесин түзүүнү улантууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу керектүү маалыматтар Элчиликтин расмий сайтына регулярдуу түрдө жайгаштырылууда.

 



Тектеш кабарлар