Стратегиялык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык жыйын өткөрүү маанилүү

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Түркия Республикасынын Вице-Президенти Фуат Октай менен жолугушуусу болуп ѳттү.

1347045
Стратегиялык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык жыйын өткөрүү маанилүү
омурадлиев-фуат октай1.jpeg
омуралиев-фуат октай2.jpeg

2020-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Түркия Республикасынын Вице-Президенти Фуат Октай менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк мамилелеринин күн тартибиндеги маселелери жана анын ичинде стратегиялык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку Кенештин жыйналышын өткөрүү маанилүү экендиги сүйлөшүлдү.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелерин, айрыкча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча Биргелешкен Комиссиясынын 9-жыйынынын отурумунда (Анкара ш. 22-ноябрь 2019-жыл) бекитилген келишимдерди жүзөгө ашырууну талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Фуат Октай соода жана экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 9-жыйынында кабыл алынган Протоколдун иш аракеттер планынын беренелерин ишке ашыруу максатында мониторинг жүргүзүү жана текшерүү "Электрондук Өкмөт" (e-gov.tr ) программасынын жардамы менен жүргүзүлөөрүн маалымдады.

Жолугушууда түрк тарап соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынынын алкагында, 2020-жылдын жай айында Кыргызстанда өтө турган Кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышууга даяр экенин билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар