Тарыхта алгач ирет Азербайжан жана Армениянын лидерлери коомдук пикирдин алдында ачык талкууга катышты

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 56-Мюнхен коопсуздук конференциясында өткөн диспутта Тоолуу Карабах темасын талкуулашты.

1360194

Бул диспутта тарыхта алгач ирет Азербайжан жана Армениянын лидерлери коомдук пикирдин алдында ачык талкууну ишке ашырды.

Алиев сөзүндө Тоолуу Карабахтын Азербайжандын ажырагыс бөлүгү экенин жана Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнүн эл аралык коомчулук тарабынан таанылганын эске салды. Бүгүнкү күндө Азербайжандын жерлеринин 20 пайызы Армениянын басып алуусу астында болгонун жана 1 миллиондон ашуун азербайжандыктын жерин таштап кетүүгө аргасыз болгондорун эске салган Алиев, Азербайжан калкына карай этникалык тазалоо кылынганын белгилеп өттү.

Алиев, Хожалыда 613 жарандын армяндар тарабынан кырылганын эске салып, «Эл аралык укук жагынан ала турган болсок Карабах Азербайжандын жери. БУУнун Армения армиясынын басып алуудан баш тартышы керектиги боюнча 4  токтому бар. Бул токтомдор ишке ашырылган жок. Чечүүчү жолго Азербайжандын жеринин бүтүндүгү негиз кылынып жетишилет»,-деп айтты.

Пашинян болсо Хожалы кыргынын четке какты. Маселенин тынчтыкчыл жол менен чечилиши керектигин билгенин айткан Армениянын премьер-министри Пашинян, Тоолуу Карабахда Армениянын армиясынын эмес, Карабах армяндарынын куралдуу күчтөрү бар экенин айтып чыкты, бирок андан кийин өзүнүн уулунун дагы Карабахтагы фронтто аскерлик кызматын өтөгөнүн айтты.

Тектеш кабарлар