Татар: «Эл аралык коомчулук аралда эки эл жана эки өзүнчө мамлекет бар экенин кабыл алышы керек»
Татар Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) баш катчы Антониу Гутерриш менен жолугушуусунан кийин басма сөзгө маалымат берди.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар аралда азыр эки эл жана эки башка демократиялык мамлекет бар экенин эл аралык коомчулук кабыл алышы керектигин айтты.
Татар Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) баш катчы Антониу Гутерриш менен жолугушуусунан кийин басма сөзгө маалымат берди.
Гутерриш менен жолугушуусунда сүйлөшүүнү Кранс Монтанада токтогон жерден улантпай тургандарын билдиргенин белгилеген Татар: «Эми жаңы мамилебиз бар»,- деди.
Татар Гутерриштин Кипрдеги жеке өкүлү Мария Анжела Ольгин Куэлярдын кызмат мөөнөтүнүн жарымын аяктаганын эске салып, тараптардын ортосунда орток пикир бар же жок экенин чечкиндүү түрдө иликтеп жатканын билдирди.
Президент Татар : «Башкы катчы азырынча орток пикир жок экенин ырастады»,-деди. Ал маалыматы менен бөлүшүп, жеке өкүл Ольгин менен биргеликте иш алып барышканын айтты.
Гутерришке кипрлик түрктөрдүн эл аралык коомчулук киргизген эмбарго жана изоляциядан кыжырданганын айтканын белгилеген Татар: «Кипр түрктөрүн чектөө, алардын экономикалык өнүгүүсүнө жана өсүшүнө тоскоол болуу чоң адилетсиздик»,-деп айтты.
Татар «көрүнбөгөн колдун» кипрдик түрктөрдү көрмөксөнгө салып, аларды «Кипр Республикасынын» бир бөлүгү катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканын белгилеп, «Бул эч кандай кабыл алынбайт»,-деп баса белгиледи.
Кипр түрктөрүнүн 1960-жылы «Кипр Республикасынын куруучу өнөктөшү» болгонун эске салган Татар: «Эл аралык коомчулук азыр аралда эки эл жана эки өзүнчө демократиялык мамлекет бар экенин кабыл алышы керек»,-деди.
Татар, чындыкты жеринде кабыл алуу керектигин белгилеп : «Кипр түрктөрүнүн эгемен укуктары менен өз мамлекетин курууга укугу бар. Бул да Түндүк Кипр Түрк Республикасы»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.