Татар: «Кызматташтык сунушубузга Кипрдин Рум тарабынан жооп ала элекпиз»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Лекошада билдирүү жасады.

1863792
Татар: «Кызматташтык сунушубузга Кипрдин Рум тарабынан жооп ала элекпиз»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) аркылуу 1-8-июлдун аралыгында Кипрдин Рум башкаруусуна берген 6 жаңы кызматташтык сунушуна азырынча жооп ала электерин билдирди.

Президент Татар Левкошадагы билдирүүсүндө, Кипрдин Рум башкаруусунун ишенимди орнотуу чаралары деп аталган теманын алкагында мурда берген сунуштарын кайталаганын эске салып, бул сунуштардын арасында Эржан аэропортунун БУУнун көзөмөлүндө ачылышынын, Газимагуса портунун ЕБнин көзөмөлүндө ачылышынын жана Мараштын БУУга (б.а. Рум тарапка) өткөрүлүшүнүн орун алганын, аларды кабыл алуусу мүмкүн эмес экенин түшүндүрдү.

Татар: «Мен президент болуп шайлангандан кийин биздин саясатыбыз Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эгемендүүлүгүнүн негизинде иштелип чыкты. Мындан ары Кипрде федералдык негизде келишим болушу мүмкүн эмес. Кипрде келишим түзүлө турган болсо, анда ал сөзсүз эгемен теңдикке жана тең эл аралык статуска негизделиши керек. Кипрдик румдардын бул Ишеним орнотуу чаралары Рум тараптын суверенитетин Түндүк Кипр Түрк Республикасына жайылтууну жана акыркы чечим катары федералдык чечимге жамынып Рум республикасына айланган жалган Кипр республикасына Кипр Түрк калкын жамоо максатын көздөйт»,-деп айтты.

БУУ аркылуу жана тең укуктуулуктун негизинде Кипрдин Рум башкаруусуна 6 түрдүү жаңы кызматташтык сунушу берилгенин эске салган Татар, бул сунуштардын эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты камтыганын жана эки тарапка тең пайда алып келерин белгиледи.

«Рум тарабына эки тараптын тең эгемендүүлүгү экинчи тарапка жайылбай турган жана ТКТРнын эгемендигине зыян келтирилбей турган кызматташтык сунуштарын бердик»,- деп айткан Эрсин Татар: «Биз сунуш кылган кызматташуу сунуштарына Кипрдин Рум тарабынан азырынча жооп ала элекпиз. Бул сунуштар менен биздин максатыбыз эки тараптын Кипр аралында тең жана бирдей эгемендүүлүк менен кызматташтыгын камсыз кылуу жана ушундай жол менен мүмкүн болгон жарашуу үчүн жалпы шарттарды түзүү үчүн салым кошуу. Кипрдин Рум башкаруучулугу канчалык эгемен болсо, ТКТР да ошончолук эгемен»,-деди.



Тектеш кабарлар