ТИКА Кыргызстанда 2 500 кишилик ифтар берди
Борбордук Имам Серахси мечитинин короосунда аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө дасторкон жайылды.
Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте 2500 кишиге ифтар берди.
Борбордук Имам Серахси мечитинин короосунда аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө дасторкон жайылды.
Мечиттин ачык асман алдындагы ашканасында үч чоң казанда нокот, кара жүзүм жана эт кошулган палоо даярдалды.
Ифтар дасторконуна чогулгандарга эттүү палоо, салат, нан, алма, шоколад, мандарин, печенье, курма, жемиш ширеси жана суу берилди.
Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган, ТИКАнын Борбор Азия жана Кавказ департаментинин башчысы Али Өзгүн Өзтүрк жана ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Мехмет Бодур катышуучуларды Рамазан айы менен куттукташты.
Ифтар программасына Чүй облусунда жашаган месхет түрктөрү да катышты.
Өзтүрк 30 жылда Кыргызстанда көптөгөн проектилерди жана иш-чараларды ишке ашырышкандарын белгилеп: «Максатыбыз Рамазандын кубанычын кыргыз боордошторубуз менен бөлүшүү»,-деди.
Өзтүрк 1500 үй-бүлөгө азык-түлүк пакеттерин тараткандарын айтты.
Кыргызстанда Орозо айт 10 - апрелде майрамдалат.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.