ТИКА Кыргызстанда кесиптик билим берүү курстарын улантууда

ТИКАнын колдоосу менен Бишкекте өткөрүлгөн кесиптик билим курстарын ийгиликтүү бүтүргөн катышуучуларга сертификат берилди.

1081127
ТИКА Кыргызстанда кесиптик билим берүү курстарын улантууда

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) колдоосу менен Бишкекте өткөрүлгөн кесиптик билим курстарын ийгиликтүү бүтүргөн катышуучуларга сертификат берилди.

ТИКАнын Бишкектеги программа координаторлугунун билим берүү борборунда «3D  моделдөө жана анимация», «график-долбоорлоо», «веб дизайн», «аудио жана видео монтаж», «компьтерди жаңы баштоо» жана «тигүүчүлүк жана саймачылык» тармактарында эки айлык кесиптик билим курсун бүтүргөн угуучуларга сертификаттары Түркиянын Бишкектеги элчиси Камил Фыраттын жубайы Василика Фырат жана ТИКАнын Бишкектеги программа координатору Али Муслу тарабынан тапышырылды.

Мугалим жана курска катышуучуларды куттуктаган Фырат: «ТИКА, дүйнөнүн алдыңкы кесиптерин үйрөтүүдө. Курсиерлер үйрөнгөн кесиптер абдан маанилүү. 2 айда курсиерлердин үйрөнгөндөрүнө таң бердим.Бул болсо сиздин канчалык күжүрмөн экениңизди көрсөтүп турат»,-деди.

Муслу, ТИКАнын миссиясы жана Кыргызстандагы иш-аракеттери темасында маалымат берсе, «ТИКА катары Кыргызстандын өнүгүүсүнө карай долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Өткөн жылы үйдө олтурган айымдар үчүн кесипке ээ кылуу курстарын уюштурдук. Курстарыбыз ар кимге ачык. Бул долбоорлор алдыбыздагы мезгилде дагы уланат»,-деди.

ТИКАнын кесиптик билим берүү курсуна катышып сертификатын алган Нурбек Орозалиев, ТИКАнын өлкөнүн социо-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошконун белгилеп, «Университет бүтүргөм. Өз ишканамды ачтым. Бир веб барагымдын болушун абдан каалап жаткам. Ал эми веб барагын курдуруу абдан кымбатка турат. ТИКА берген курстарда өз веб барагымды долбоорлоону үйрөндүм. Чоң рахмат айтамын»,-деди.

ТИКАнын кесиптик билим берүү курстарынын жооптуусу Алишер Имамов да, аты аталган кесиптик курстарга орто эсеп менен 250 кишинин кайрылганын бирок 54 угуучуну гана алгандарын айтты.



Тектеш кабарлар