ТКТР Европа Биримдигинин Кипрде румдардын тарабында болгонуна каршылык көрсөттү

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөн ЕБ лидерлер саммитинин жыйынтык декларациясында Кипрде федералдык чечимге көңүл бурулду.

2129509
ТКТР Европа Биримдигинин  Кипрде румдардын тарабында болгонуна каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) Европа Биримдигинин (ЕБ) Кипрде румдардын тарабында болгонуна каршылык көрсөттү.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөн ЕБ лидерлер саммитинин жыйынтык декларациясында Кипрде федералдык чечимге көңүл бурулду.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар декларациядагы билдирүүлөргө каршы чыкты.

Евробиримдиктин Кипр маселесинин чечилишин эмес, румдардын тарабында болгонун айтып Эрсин Татар:«Лидерлердин билдирүүлөрү куру сөздөн башка эч нерсе эмес. Анткени биз реалдуулукка эч кандай тиешеси жок кээ бир кептерге туш болуп жатабыз. Негизги мекенибизге (Түркияны) бекем байланышып, бул географияда тынчтык, бейпилдик, коопсуздук жана ырааттуулукта болуу менен келечекке бекем кадам таштайбыз деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Саммитте Кипр темасынын бир жактуу каралгандыгын баса белгилеген Татар, декларациянын рум тараптын ойлорун гана чагылдырганын белгиледи.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Кипр маселесинин кипрлик түрктөр менен румдардын ортосундагы маселе экенин айтты.

Европа Биримдигинин федералдык чечүүчү жолго ишарат кылуусун да сындаган Татар, Кипрде жарашуу үчүн орток негиз болушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Евробиримдик саммитинин жыйынтык декларациясына Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлиги да каршылык көрсөттү.

«Жарым кылымдан ашык убакыттан бери сыналып, натыйжасыз экени далилденген моделдер менен Кипр маселесинде эч нерсеге жетишүү мүмкүн эмес экени айдан ачык»,деген билдирүүдө Кипрде эки мамлекеттүү чечимге келүү мезгилинин жеткенине көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар