ТКТРда Өкмөт кризиси
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри Туфан Эрхүрман өкмөттүк кызматтан бошотулушу боюнча арызын президент Мустафа Акынжыга тапшырды.
1198255
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри жана Республикачыл Түрк партиясынын жетекчиси Туфан Эрхүрман өкмөттүк кызматтан бошотулушу боюнча арызын президент Мустафа Акынжыга тапшырды.
Элдин партиясынын (HP) жетекчиси, вице-премьер жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай, кечээ Элдин партиясынын (HP) өкмөттүк коалициядан чыгуу чечимин чыгарганын билдирген.
Өзерсай: «Оппозицияда болобузбу, өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзөбүзбү, буга партиянын кеңеши чечим чыгарат»,-деп айткан.
Маалымат жыйынында 15 айлык өкмөт тууралуу баа берүүсүн жасаган Өзерсай, өкмөттөн чыгуу себептеринин арасында Каржы министрлигинин жер аянттарын ижарага берүүлөрүн жана «ишенимдин кеткенин» көрсөткөн.