Токаев жетекчилерге селдин кесепеттерин жоюу үчүн 5 ай убакыт берди

Токаев Казакстан парламентине кайрылуу жасады.

2132528
Токаев жетекчилерге селдин кесепеттерин жоюу үчүн 5 ай убакыт берди

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев жетекчилердин жаңы турак-жай куруу, компенсация төлөп берүү жана селден кийин инфраструктураны оңдоо үчүн беш ай убакыты бар экенин айтты.

Токаев Казакстан парламентине кайрылуусунда: «Апаатка каршы жалпы жеңишибиз көпкө созулбайт. Суунун чоң бөлүгү тартылгандан кийин зыян тарткан жерлерди калыбына келтирүү иштери башталат. Биринчи кезекте жарандарыбыздын чыгымы төлөнүп, турак-жай курулушу башталат, батирлер бөлүнүп, талкаланган инфраструктура оңдолот. Бул комплекстүү иш-аракеттер үчүн кыска убакытты бөлдүк - жайдын беш айы жана күз. Бирок буга чогуу жете аларыбызга ишенем»,- деди.

Казакстандын лидери, чыгым тарткан ар бир үй-бүлөгө бир жолку жөлөк пул берилерин, кесепеттери деталдуу эсептелгенден кийин зыян тарткан мүлктөр үчүн кошумча компенсация төлөнөрүн билдирди.

Токаев ошондой эле баштала турган комплекстүү курулуш иштеринин жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратарын жактады: Жарандар экономикалык потенциалы жогору жана экологиялык шарттары жакшы абалдагы конуштарга көчө алышат.

Буга чейин Казакстан Сенатынын депутаты Арман Утегулов, өкмөт чукул жардам көрсөтпөсө дыйкандардын эгин себүү маалынан чыга албай калышы мүмкүн экенин айтып, суу каптаган жерлердин кыйла бөлүгүн дан эгилген аймактардын ​​түзгөнүн кабарлаган.



Тектеш кабарлар