«ТурАз Бүркүтү -2019» машыгуусу башталды
Машыгууну Азербайжан менен Түрк аба күчтөрү биргеликте өткөрүп жатат.
1262768
Азербайжан менен Түрк аба күчтөрүнүн биргелешкен аскердик машыгуусу «ТурАз Бүркүтү -2019» башталды.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Азербайжан менен Түрк аба күчтөрү тарабынан эки өлкөнүн ортосундагы жылдык аскердик кызматташтык планынын алкагында уюштурулган машыгуу Түрк F-16 учактарынын Азербайжанга баруусу менен башталды.
Машыгууда F-16лар менен катар эки өлкөдөн Миг-29, Су-25 согуштук учактары, CASA жүк ташуучу учагы, Ми-35, Ми-17, Скорский UH-70, CH-47 Chinook жана АТАК/ AH-1W согуштук тик учарлардан турган орто эсеп менен 30 аба транспорту орун алууда.
Биргелешкен аскердик машыгуунун 16-сентябрга чейин улана тургандыгы билдирилди.