Түрк дүйнөсүнүн алдыңкы айымдары Анкарада эскерилди

Түркиянын борбор калаасы Анкаранын бир мейманканасынын конференция залында Түрк дүйнөсүнүн он өлкөсүнүн алдыңкы аялдарын он өлкөнүн жаш илимпоз айымдары түшүндүрдү.

1374555
Түрк дүйнөсүнүн алдыңкы айымдары Анкарада эскерилди
DÜNYA KADINLAR GÜNÜ_1.jpg
DÜNYA KADINLAR GÜNÜ_3.jpg
DÜNYA KADINLAR GÜNÜ_4.jpg
DÜNYA KADINLAR GÜNÜ_5.jpg
DÜNYA KADINLAR GÜNÜ_6.jpg

Он өлкөнүн алдыңкы айымдарын, он өлкөнүн жаш илимпоз айымдары түшүндүрдү.

2020-жылдын 7-мартында Түркиянын борбор калаасы Анкаранын бир мейманканасынын конференция залында Түрк дүйнөсүнүн он өлкөсүнүн алдыңкы аялдарын он өлкөнүн жаш илимпоз айымдары түшүндүрдү.

Иш-чараны Эл аралык жаш илимпоздор,демилгечилер жана менторлор желеси (УЛУГ) уюму уюштуруп, ага Түркиянын ар кайсы шаарларынан академик профессорлор жана жаш илимпоздор катышышты.

Улугдун башкы координатору Фатих Шахин, Түрк дүйнөсүнүн айымдарын 8-Март Дүйнөлүк аялдар күнү менен куттуктап, жаш илимпоздор желеси келечекте кандай иштерди аткара турганы боюнча маалымат берди жана ушул иш-чараны уюштурганы үчүн абдан кубанычта болгонун белгилеп өттү.

Ошондой эле Түркия саясат жана стратегиялык изилдөөлөр фондунун башкаруу кеңешинин мүчөсү д-р Синан Демиртүрк дагы айымдарды Дүйнөлүк аялдар күнү менен куттуктап, ийгилик каалады.

Конференция эки отурум түрүндө өтүп, биринчи отурумду Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзура Жумакунова башкарды. Баяндамачылар; Түркиядан Анкара университетинин медицина факультетинин студенти Ирем Алейна Үведи Жевхер Несибе Хатун, Азербайжандан Анкара университетинин Педагогика илимдери факультетинин магистранты Гулнара Хүсейнли Салатын Эсгерова, Казакстандан Анкара университетинин теология факультетинин докторанты Назерке Айтымтаева Томирис Хатун, Кыргызстандан Анкара университетинин коомдук илимдер факультетинин докторанты Азиза Эргеш кызы Курманжан Датка, Өзбекстандан Стамбул университетинин тарых факультетинин докторанты Зебинисо Камалова Биби Ханым тууралуу баяндама жасады.

Ошондой эле экинчи отурумду Гази университетинин профессору, математика илимдеринин доктору Фатма Аяз айым башкарып, Түркмөнстандан Анкара университетинин психология бөлүмүнүн студенти Акнур Сапарова Хайме Ана, Чыгыш Түркстандан Анкара университетинин Укук факультетинин студенти Нимет Нур Өзгүнсевен Дилшад Хатун, Крымдан Хажеттепе университетинин Педагогика факультетинин студенти Сафийе Олгун Шефика Гаспыралы, Башкырстандан Хажы Бекташ Вели университетинин адабият бөлмүнүн докторанты АлфияГыныятова Сүйүн Бике, Түштүк Түркстандан Анкарада университетинин докторанты Закия Масуми Гевхершад Бегүм тууралуу баяндама жасады.

 

 



Тектеш кабарлар