Түрк Кеңеши "Кара январды" эскерди

Түрк Кеңеши, Баку кыргынына байланыштуу эскерүү билдирүүсүн жарыялады.

1567164
Түрк Кеңеши "Кара январды" эскерди
2020_Ocak_kanliocak-3-.jpg
kanlı ocak.jpg

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши (Түрк Кеңеши), Азербайжанда кайгы жана намыс күнү катары эскерилген жана тарыхта "Кандуу январь" деп аталган 20-январдагы кыргындын 31 жылдыгына карата эскерүү билдирүүсүн жарыялады.

Түрк Кеңешинин Твиттердеги билдирүүсүндө: «Кара январь деп аталган 1990-жылдын 20-январындагы Баку кыргынына байланыштуу Түрк Кеңеши катары биз өз мекени үчүн жанын аябаган Азербайжандын баатыр уулдарын урматтап эскеребиз жана алардын жаркын элесинин алдында таазим кылабыз» делди.

1990-жылдын баштарында армяндардын күчөгөн жер талаптарына жана Совет бийлигине каршылык көрсөтүүнү каалаган миңдеген азербайжандыктар Бакунун Азадлык аянтына агылып келип, узак мөөнөттүү митингдерди башташкан.

Митингдерди таркатуу үчүн 20-январда Бакунун ар кайсы аймактарына кирген 26 миң кишилик советтик армиянын кол салуусунан, аялдар менен балдар да арасында болгон 147 жай тургун каза болуп, жүздөгөн адам жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар