Түрк Кеңешине 9 жыл толду

Түрк Кеңеши тарабынан Баш катчы болуп дайындалган Багдад Амрейевдин урматына Анкарада зыяпат уюштурулду.

1074940
Түрк Кеңешине 9 жыл толду

Түрк Кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 9 жылдыгы белгиленүүдө.

Түрк Кеңеши тарабынан Баш катчы болуп дайындалган Багдад Амрейевдин урматына Анкарада зыяпат уюштурулду.

Зыяпатка, арасында Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой жана Анкара шаарынын мэри Мустафа Туна сыяктуу көптөгөн конок катышты.

Тышкы иштери министринин орун басары Йавуз Селим Кыран, Түрк Кеңешинин дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү регионалдык долбоор экенине басым жасады.

Түрк Кеңешинин баш катчысы Амрейев, Кыргызстанда өткөн лидерлер саммитин эске салды. Бул жерде мамлекет башчылары берген тапшырмаларды жүзөгө ашыруу үчүн  иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Амрейев, Түрк Кеңешинин дүйнөдөгү эң жоң уюм экенин, түзүлгөн күнүнөн тарта, эл аралык деңгээлде кызматташтыкты арттыруу жана жакындаштыруу максатында көптөгөн долбоордун ишке ашырлганын айтып өттү. Ал: "Алдыдагы максаттарыбыз мындан да чоң",- деди.



Тектеш кабарлар