Түрк Кеңешинин Инвестициялык фонду түзүлөт

Түрк Кеңешинин эң маанилүү долбоору өлкөлөрдүн Инвестициялык фондун ишке ашырууга арналган жолугушууга экономика жана финансы министрлигинин жооптуу кызматкерлери катышты.

1447230
Түрк Кеңешинин Инвестициялык фонду түзүлөт

 

Башкы катчы Багдад Амреевдин төрагалыгы астында видеоконференциянын жардамы менен Түрк Кеңешинин Инвестициялык фондунун техникалык жыйыны болуп өттү.

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчөсү болгон, Венгрия байкоочу мүчөсү катары киргизилген ошондой эле Түрк Кеңешинин эң маанилүү долбоору өлкөлөрдүн Инвестициялык фондун ишке ашырууга арналган жолугушууга экономика жана финансы министрлигинин жооптуу кызматкерлери катышты.

Жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө башкы катчы Амреев, өз ара фонд түрк дүйнөсүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, Түрк Кеңешинин өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык мамилелерди бекемдөөгө жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода көлөмүн жогорулатууга көмөктөшүүчү демилгелердин бири экендигин айтты.

Коронавирустук эпидемиянын жаңы түрүнөн кийинки мезгилде Инвестициялык фонддун чоң мааниге ээ боло тургандыгын белгилеген Амреев, бул фонд Түрк Кеңешинин узак мөөнөттүү экономикалык максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерди камсыз кылат деп белгиледи.

Инвестициялык фонддун иш-аракетин жүзөгө ашырууда техникалык маселелерди чечүү боюнча жол картасы аныкталган жыйналышта, зарыл болгон чараларды тез жана натыйжалуу жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Жолугушууда мамлекеттер Инвестициялык фонддун максаты, мазмуну, түзүмү, каржылык ресурстары, пайда келтире турган тармактары жана башка маселелер боюнча макулдашышты.

Түрк Кеңешинин Инвестициялык фонду мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөгү чакан жана орто ишканаларды колдоого көмөктөшөт.

Жакынкы мезгилде өлкөлөр өз ара фонддун уюштуруу документтерин иштеп чыгат деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар