Түрк Кеңешинин Ковид-19 боюнча кызматташуусу

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен (Түрк Кеңеши) алынган маалыматка караганда Түрк Кеңешине мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн жогорку деңгээлдеги жооптуу кызматкерлер видео конференцияга катышып, кеңешишти.

1451809
Түрк Кеңешинин Ковид-19 боюнча кызматташуусу

Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүүнүн алкагында кызматташтык жана колдошууну арттыруу максатында иштей башташты.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен (Түрк Кеңеши) алынган маалыматка караганда Түрк Кеңешине мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн жогорку деңгээлдеги жооптуу кызматкерлер жана илимпоздор менен Саламаттык сактоо министрлигинин Илимий кеңешинин катышуусунда видео конференция ыкмасы менен уюштурулган Түрк Кеңешинин Саламаттык сактоо боюнча Илимий кеңешинин жыйналышында жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы кызматташууну жана колдошууну күчтөндүрүүгө карата так кадамдар каралды.

Түрк Кеңешинин баш катчысы Багдад Амреевдин модераторлугунда өткөрүлгөн жыйналышта, Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда туруктуу орток маалымат базаларын жана эпидемиологиялык мониторинг тутумдарын түзүү боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Жыйналышта айрыкча Түркиянын алдыдагы айдын экинчи жарымында мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо кызматкерлерине коронавирус менен күрөшүү тармагында Измир-Урлада билим берүү семинарын уюштуруусу жана ар түрдүү адистик тармактарында онлайн билим берилишине да чечим чыгарылды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Эмине Алп Мешенин дагы Түркияда Ковид-19ду дарылоодо ишке ашырылган саламаттык сактоо протоколу, колдонулган дары-дармектер жана берки тармактарда кеңири маалымат берилген жыйналыштын суроо-жооп бөлүгүндө, Түркия делегациясы башка мүчөлөрдүн суроолоруна жооп берип, өлкөнүн коронавирус менен күрөшүн түшүндүрүп берди.

Жыйналышта айрыкча Түрк Кеңешинин Илимий кеңешинин алдыдагы күндөрдө да тартиптүү жыйналыштарды өткөрүүсү темасында бирдей пикирге жетишилди.



Тектеш кабарлар