Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлери Бакуда чогулду
Азербайжанда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.
Азербайжанда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.
Жыйынга тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Меммедияров, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев катышты.
Азербайжандын тышкы иштер министри Меммедияров жыйындын башында сүйлөгөн сөзүндө Түрк Кеңешинин эл аралык мекемелер менен кызматташуусунун өнүктүрүлүшү, Түрк Академиясы жана Түрк Кеңешинин Будапешттеги кеңсесинин аткарган иштеринин өнүктүрүлүшү тууралуу сүйлөшүшөрүн айтты. Жыйын массалык маалымат каражаттарына жабык улантылды.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бакудагы жолугушууларынын негизинде Азербайжандын тышкы иштер министри Меммедияров, Кыргызстандын тышкы иштер министри Айдарбеков жана Түрк Кеңешинин башкы катчысы Амреев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.