Түрк мода жана текстиль жарманкеси Кыргызстанда ачылды
Түрк Лидер Expo, Кыргыз Bi Expo жана Дордой Биримдигинин кызматташуусу менен өткөрүлгөн жарманкеге түрк текстиль сектору 40 фирма менен катышты.
Бишкекте 3 - түрк мода жана текстиль жарманкеси ачылды.
Түрк Лидер Expo, Кыргыз Bi Expo жана Дордой Биримдигинин кызматташуусу менен өткөрүлгөн жарманкеге түрк текстиль сектору 40 фирма менен катышты.
Жарманкеде кебез, аксесуар, даяр кийим жана атайын дизайндык буюмдар көргөзмөгө чыгарылды.
Жарманкени уюштурган Lider Expoнун башкы директору Фазыл Мурат Гүнер Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болгон Кыргызстанда акыркы мезгилде олуттуу түрдө өндүрүшкө өтүлгөндүгүн белгилеп, кыргыз башкаруучулар менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө өзгөчө кебез жана аксесуарга чоң талаптын бар экендигин билишкендерин айтты.
Коронавирустан улам Кытай чек арасындагы бажы капкаларын жапкан Кыргызстанга бул продукцияларды берген өлкөнүн Түркия экендигин баса белгилеген Гүнер Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда сооданын арттырылышына салым кошууну максат кылышкандарын билдирди. Жарманке 13 - мартка чейин ачык болот.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.