Түрк соода кабинети курулду

Түрк соода жана өнөр жай кабинети Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн арасында экономикалык карым  - катнаштарды, бири бирине карата сооданы арттырууну максат кылууда

1203248
Түрк соода кабинети курулду

Түркия, Казакстан, Азербайжан жана Кыргызстан биргелешкен «Түрк соода жана өнөр жай кабинети» курулду.

Түрк Кеңешинин чатыры астында Түрк соода жана өнөр жай кабинетинин курулушу тууралуу келишимге Казакстандын борбор шаары Нур Султанда 12  -  Астана Экономикалык Форумунун негизинде өткөрүлгөн Түрк Иш Кешенин жыйынында кол коюлду.

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдат Амреевдин жетекчилигинде ишке ашкан кол коюу аземине Казакстандын премьер  - министри Аскар Мамин, Түркия кабинеттер жана биржалар биримдигинин төрагасы Рыфат Хисаржыклыоглу, Казакстан Ата Мекен улуттук демилгечилер кабинетинин төрагасы Абылай Мырзахметов, Азербайжан улуттук демилгечилер конфедерациясы уюмдашууларынын төрагасы Мамад Мусаев менен Кыргызстан соода жана өнөр жай кабинетинин төрагасынын орун басары катышты.

Түрк соода жана өнөр жай кабинети Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн арасында экономикалык карым  - катнаштарды, бири бирине карата сооданы арттырууну максат кылууда.



Тектеш кабарлар