Түркия-Азербайжан аскердик машыгуулары улантылууда

Кечээ Азербайжандын Нахичевань Автономиялык Республикасында өткөрүлгөн машыгуунун алкагында сценарий боюнча сак болууга буйрук берилди.

1465857
Түркия-Азербайжан аскердик машыгуулары улантылууда

Түркия менен Азербайжандын аба жана кургактык күчтөрү Азербайжанда ири масштабдагы биргелешкен аскердик машыгууларын улунтууда.

Кечээ Азербайжандын Нахичевань Автономиялык Республикасында өткөрүлгөн машыгуунун алкагында сценарий боюнча сак болууга буйрук берилди.

Согушка даярдануу жана координациялоо максатында сак болуу буйругунан кийин машыгуу аймагына жеткен армия бөлүктөрү үчүн тиешелүү тапшырмалар аткарылды.

Машыгууда көп сандаган танктар жана брондолгон унаалар орун алып, согуштук учактар ​​жана тик учактар ​​дагы учушту.

Машыгууга эки мамлекеттин аба жана кургактык күчтөрү катышууда.

Аба күчтөрүнүн машыгуулары Баку, Нахичевань, Генже, Күрдемир жана Евлах шаарларында улантылып, 10-августта аяктайт.

Кургактык күчтөрдүн машыгуулары 5-августка чейин Баку жана Нахичеванда уланат.



Тектеш кабарлар