Түркия - Азербайжан дипломатиялык карым - катнаштарына 30 жыл

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө маалымат берди.

1762837
Түркия  -  Азербайжан дипломатиялык карым  - катнаштарына 30 жыл

Түркия Азербайжан менен дипломатиялык карым - катнаштарынын кайра түзүлүшүнүн 30 жылдыгын белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын мындан 30 жыл мурда «Дипломатиялык карым – катнаштардын кайрадан түзүлүшү протоколуна» кол коюлушу менен башталганы белгиленип, Түркиянын Азербайжан көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин дипломатиялык алакаларды түзгөн биринчи өлкө экендиги эске салынды.

1991 -жылы 29 -октябрда Азербайжандын эл аралык жамааттынтең укуктарга ээ мүчөсү экендигине байланыштуу эркин күчтүү түрдө ортого койгондугу баса белгиленген билдирүүдө ал күндөрү Түркия үчүн майрам болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө : «Арадан өткөн жыл 30 жылда Түркия жакшы күндө жаман күндө дос жана боордош Азербайжандын жанында болду, муну каарман Азербайжан армиясынын 44 күндүк мекен үчүн күрөшүндө жерлерин оккупациядан куткаргандан кийин чоң кубаныч менен дагы бир жолу көрсөттү»,- деп айтылды.

Эки өлкөнүн тең 30 жыл мурункудан дагы күчтүү экенине көңүл бурулуп, эки өлкөнүн бир туугандык жана тыгыз кызматташтыгынын орток аймактарында тынчтык жана ырааттуулуктун чоң кепилдиги болгону белгиленди.

Билдирүүдө 2021 -жылы 15 -июнда кол коюлган Шуша декларациясы менен союздаштык деңгээлине жогорулаган карым- катнаштардын мындан кийин да улантылары баса белгиленип булар айтылды : «Республикабызын куруучусу Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн «Азербайжандын кубанычы биздин кубанычыбыз, кайгысы биздин кайгыбыз» деген сөзүнө жана лидер Гейдер Алиевд айткан «бир улут, эки мамлекет» ураанына жарашкан мамиле да бул».



Тектеш кабарлар