Түркия-Азербайжан университети боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму
Азербайжандын Президенттигинен маалымат берилди.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев «Түркия-Азербайжан университетинин курулуусуна байланыштуу өз ара түшүнүшүү меморандумун» бекитти.
Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Алиев 19-февралда борбор шаар Анкарада кол коюлган «Азербайжандын Илим жана билим министрлиги менен Түркия Республиканын Жогорку билим берүү кеңешинин (YÖK) ортосунда Түркия-Азербайжан университетинин (ТАУ) курулуусуна байланыштуу өз ара түшүнүшүү меморандумун» бекитти.
Алиев Илим жана билим берүү министрлигине өз ара түшүнүшүү меморандумунун жоболорунун аткарылышын камсыз кылууну, ал эми Тышкы иштер министрлигине өз ара түшүнүшүү меморандумунун зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболору аяктагандыгы тууралуу Түркия Республикасынын өкмөтүнө маалымдоону тапшырды.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.