Түркия-Азербайжан виза тартиби

Визасыз режимдин мөөнөтү узартылгандыгы билдирилди.

1367598
Түркия-Азербайжан виза тартиби

Түркиянын Азербайжандагы элчиси Эркан Өзорал, Түркия менен Азербайжандын ортосундагы визасыз режимдин мөөнөтү 30 күндөн 90 күнгө чейин узартылгандыгын билдирди.

Түркия менен Азербайжандын соода-сатыкта эки тараптуу түрдө бажы салыгын киргизгендерин жана бул абалдын айрым секторлордо Түрк-Азербайжан товарларынын атаандаштык күчүн азайткандыгын белгилеген Өзорал, бул терс абалды жоюу үчүн Артыкчылыктуу соода келишимине кол коюлгандыгын айтты.

Элчи Өзорал, келишимдин кыска мөөнөттүн ичинде бекитилип күчүнө кире турганын, бул келишимдин соода алакаларына чоң салым кошуусун күткөндөрүн билдирди.

Өзорал: «Эки өлкөнүн жарандары бири-бирлерине 30 күнгө чейин турист катары бара алышат. Бул мөөнөттү 90 күнгө узартабыз. Мунун негизинде барып-келүүлөр жеңилдейт»,-деди.



Тектеш кабарлар