Түркия-Кыргызстан авиа каттамдары көбөйтүлөт

Стамбул шаарында министр Айдарбеков "Түрк аба жолдору" компаниясынын башчысы менен жолугушту.

1199483
Түркия-Кыргызстан авиа каттамдары көбөйтүлөт
Айдарбеков_2.jpg
Айдарбеков_3.jpg

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында Стамбул шаарында "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын директорлор кеңешинин жана аткаруу комитетинин төрагасы Илкер Айжы менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы менен кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланган.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тарап, Кыргызстандын региондоруна башка каттамдар боюнча "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын рейстерин жандандыруу маселесине, ошондой эле "Манас" аэропортунун транзиттик дараметин пайдалануу маселесине өзгөчө көңүл бурду", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдай кетсек министр Айдарбековдун мекендештер менен жолугушуусунда бул маселени Түркиядагы кыргыз жарандары да козгошкон эле.



Тектеш кабарлар