Түркия Кыргызстанга жардам көрсөтүүдө

Түрк тарабы төмөндөгүлөрдү Кыргыз Республикасына грант катары берет:

1451755
Түркия Кыргызстанга жардам көрсөтүүдө

Түркия Республикасы COVID-19 коронавируска каршы күрөшүүдө кыргыз элине жардам кылууну улантууда.

Бул алкакта Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда төмөндөгүдөй келишим түзүлдү.

Түрк тарабы төмөндөгүлөрдү Кыргыз Республикасына грант катары берет:

•       20 даана - жасалма дем алдыруучу аппарат

•       50 миң даана - респиратордук бет кап (N95)

•       100 миң даана - хирургиялык маска

•       35 миң даана - медициналык комбинезон

•       2 миң даана - жүз коргогуч

•       20 миң даана - SARS-CoV-2 (2019-nCov) RT-qPCR ПЦР тест,

•       20 миң даана - вирустук нуклеин кислотасын изоляциялоочу комплект (Virus Nucleic Acid Isolation Kit)

•       10 миң куту - Гидроксихлорохин дарысы

•       50 даана - кычкылтек концентратору

Аталган грант Түрк тарабынын Кыргыз тарабына болгон достук жана жакшы ниетинин көрсөткүчү катары ишке ашырылууда.

Грант кылынган медициналык жабдыктар өткөрүлүп берилгенден кийин Кыргыз тарабына тиешелүү болуп саналат жана Кыргыз тарабынын саламаттык сактоо кызматтарында колдонулат.

Аталган жардам өткөрүлүп берилгенде кошумча маалымат кылынат. Жардамдар түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлигине өткөрүлүп берилет.

КТРК



Тектеш кабарлар