Түркия Өзбекстага гуманитардык жардам жиберди

Жардамдарды Ташкент аэропортунда саламаттык сактоо министринин орун басары Шахрух Шарахметов өткөрүп алды.

1465051
Түркия Өзбекстага гуманитардык жардам жиберди
Turkiye ozbekistan insani yardim1.jpg
Turkiye ozbekistan insani yardim.jpg

Түркия Курман айт майрамынын биринчи күнүндө Өзбекстандын жаңы тип коронавирус менен күрөшүнө колдоо берүү максатында медициналык кызматкерлер колдоно турган коргоочу медициналык каражаттардан турган жардам жиберди.

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн арасында кол коюлган медициналык каражаттар боюнча жардамдашуу келишиминин негизинде Түркия саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген жана Улуттук коргоо министрлиги тарабынан жеткирилген 12,5 тонна гуманитардык жардам Түрк аба жолдоруна таандык жүк ташуучу учак менен Өзбекстандын борбор шаары Ташкентке алып барылды.

Учактан түшүрүлгөн 50 000 Н  - 95 бет кап, 200 000 хирургиялык бет кап, 40 000 коргоочу кийим, коронавирусту дарылоодо колдонулган дарылардан турган каражаттар Ташкент аэропортунда Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Шахрух Шарахметов жана медициналык эпидемиологиялык  текшерүү агенттинин төрага орун басары Бахрам Алматовго тапшырылды.

Алматов бир тууган Түркия калкы жана өкмөтүнүн бул жардамдарынын өздөрү үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, жардамдын Курман айт майрамынын биринчи күнүндө келишинин маанилүү экенин баса белгиледи.

Ташкент аскердик аташеси, танк полковниги Мустафа Балоглу дагы эки бир тууган элдин кыйын күндөрдө бири бирине жардам бериши керектигин белгилеп, саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жиберилген бул жардам менен түрк калкынын бир тууган өзбек калкынын эпидемия менен күрөшүнө салым кошууну каалаганын белгиледи.

Шарахметов  Ковид  - 19 менен күрөшүүдө өзбек медицина кызматкерлери колдоно турган каражаттардан улам Түркия өкмөтүнө жана калкына ыракмат айтты.

Жардам каражаттары болгон кутулардын үчтүндө Түркия жана Өзбекстан байрактары менен түрк жана өзбек тилинде Мевлананын : «Үмүтсүздүктүн артында канчалаган үмүт бар. Караңгылыктын артында канчалаган күн бар» деген саптардын орун алганы көңүлдөрдү бурду.

Түркия Өзбекстанга май айында да 50 жергиликтүү дем алдыруу аппарат жиберген.



Тектеш кабарлар