Түркия - Өзбекстан - Азербайжан үчтүк жыйыны

Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн Владимир Наров жыйындын Азербайжан тарабынын сунушу жана Түркиянын колдоосу менен өткөрүлгөндүгүн айтты.

1862689
Түркия  -  Өзбекстан -  Азербайжан үчтүк жыйыны

Түркия  -  Өзбекстан – Азербайжандын тышкы иштер министрлеринин үчтүк, соода жана транспорт министрлеринин жыйыны Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте башталды.

Жыйынга Түркиядан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, соода министри Мехмет Муш, транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, Азербайжандан тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, санариптик өнүгүү жана транспорт министри Решат Небиев, экономика министринин орун басары Микаил Каббаров, Өзбекстандан тышкы иштер министринин орун басары  Владимир Наров, транспорт министри Илхам Махкамов, тышкы соода жана инвестиция министринин орун басары Лазиз Кудретов катышты.

Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн Владимир Наров жыйындын Азербайжан тарабынын сунушу жана Түркиянын колдоосу менен өткөрүлгөндүгүн айтты.

«Эл аралык карым-катнаштар жана глобалдык экономикадагы ылдам өнүгүүлөр чындыгында Түркия-Өзбекстан-Азербайжан диалог форматын өнүктүрүүнү талап кылды жана бул тез арада аткарылышы керек»,-деген Наров мамлекет башчыларынын акыркы жылдардагы саясий  эрки жана сызган жолдору менен Өзбекстандын Азербайжан жана Түркия менен карым  - катнаштарынын жаңы бир мезгилге киргендигин, бул мезгилде стратегиялык тереңдикке ээ болгондугун айтты.

Өлкөлөрдүн бир топ эл аралык темада орток позициясынын бар экендигин жана ошол эле максат үчүн аракет кылышкандарын айткан Наров : «Бул да тынчтыкчыл, улантууга боло турган жана динамикалуу түрк дүйнөсүнүн түзүлүшү»,- деди.

Владимир Наров Түркия, Өзбекстан жана Азербайжандын аймактар аралык кызматташуусунда маанилүү бир актер боло аларын белгилеп, түрк элдери жашаган бул аймактардын чыгыш менен батыш, түндүк менен түштүктүн ортосунда миңдеген жылдардан бери көпүрө милдетин аткаргандыгын, ушул себеп менен аймактар  аралык транспорт коридорлорунун өнүктүрүлүшүндө бул өлкөлөрдүн каалоосунун абдан маанилүү экендигин айтты.

Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары өлкөсүнүн Баку  -  Тбилиси  -  Карс темир жолунун транзит потенциалынын активдүү колдонулушуна маани бергенине көңүлдөрдү бурду.

Наров бүгүн Кытай  -  Кыргызстан  -  Өзбекстан темир жолу долбоорунун курулушунун техникалык - экономикалык негиздемеси бүгүн да уланып жатканын билдирди. Бул темир жолду Транскавказ коридоруна туташтыруу менен Кытайдан Европага чейинки географияда бир тармак түзүлө турганын жана Өзбекстандын ушунун негизинде Зеңгүзар коридорунун кайра жанданышын колдогонун баса белгилеген Наров мунун Азия менен Европанын ортосундагы эң кыска жол болорун белгиледи.

Жыйында Түркия, Өзбекстан жана Азербайжандын тышкы иштер, соода жана транспорт министрлеринин бул үчтүк механизм менен Каспийден өткөн Чыгыш  -  Батыш коридору башта болгон үч өлкөнүн орток күн тартибинде орун алган темаларда координация жана кызматташтыкты арттырууга байланыштуу маселелерди талкуулоосу күтүлүүдө.  

Министрлер жыйындан кийин Ташкент декларациясына кол коюшат.



Тектеш кабарлар