Түркияда кыргыз жоокерлерине арналган конференция өтөт

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин басма сөз кызматы маалымат бөлүштү.

1199482
Түркияда кыргыз жоокерлерине арналган конференция өтөт
ИЗНИК_1.jpg
ИЗНИК_3.jpg
ИЗНИК_4.jpg
ИЗНИК_5.jpg
ИЗНИК_6.jpg
ИЗНИК_7.jpg

 

Түркиянын Изник шаарында жыл сайын болгонундай быйыл дагы май айынын биринчи жекшемби күнү болгон 5-май күнү кыргыз жоокерлерине арналган "Кыргыздар күмбѳзүндө" эскерүү иш-чарасы өттү. Бул иш-чара оболкуларынан айырмаланып Кыргызстандын Түркияга дайындалган элчиси Кубанычбек Өмүралиев өзү баштап барып, күмбөздү жана айланасын оңдоп-түздөө жана ошондой эле күмбөз тууралуу кеңири маалымат жазылган такта орнотуу менен Бурсадагы Улудаг университетинде дал ушул тема боюнча тарыхчылардын конференциясын өткөрүү боюнча демилге көтөрдү.

Аталган иш-чара Стамбул шаарындагы Кыргызстан Достук  жана маданият коому жана КРнын Түркиядагы элчилигинин жардамы менен уюштурулду. Ага Түркиянын Стамбул, Анкара, Бурса ж.б. шаарларында жашап жаткан кыргыз жарандары, студенттер ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада кыргыз жоокерлеринин арбагына багышталып куран окулду. Аны менен бирге кыргыздын улуттук тамак-аштары даярдалып, улуттук спорттук оюндары өткөрүлдү.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Изник шаарынын мэри Каган Мехмет Уста жана Изник районунун башчысы Бүлент Байрактар менен жолугушту.

"Элчи Өмүралиев менен Изник шаарынын мэри К.М.Уста Изник тууралуу туристтик китепчелерде кыргыз жоокерлери жѳнүндѳ кененирээк маалымат жайгаштыруу жана Талас менен Изник шаарларынын ортосундагы достук жана боордоштук мамилелердин кызматташтыгын бекемдөө зарылчылыгын билдиришти. Тараптар 13-кылымдагы Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин урматына арналган илимий басылмаларды чыгаруу жана 2020-жылы Изник шаарында конференция ѳткѳрүү үчүн Кыргызстандын жана Түркиянын Бурса университетиндеги тарых факультетинин негизинде тарыхчылардын биргелешкен изилдөөлѳрүн жүргүзүүнү макулдашышкан", - деп билдирет Элчиликтин басма сөз кызматы.

Маалымат үчүн: Изник шаары (эски аталышы Никея) Стамбул шаарынан түштүк тарапта 120 чакырым алыстыкта, учурдагы Бурса облусунун территориясында жайгашкан. Изниктин аймагында жергиликтүү калкка "Кыргыздар түрбеси", башкача айтканда 13-кылымда Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин эстелиги деп таанылган күмбѳз жайгашкан.

Ал күмбөз согуштагы каармандыгын көрсөткөн кыргыз жоокерлеринин урматына 13-кылымдын аягында Султан Орхан Гази башкарып турган учурда курулган.

2000-жылдарда Түркиянын башкы башкаруу Фонду, аталган тарыхый эстеликти дээрлик кайрадан калыбына келтирген. 2006-жылдын октябрь айында Күмбөздүн жанына айкелчи Т.Садыков тарабынан жасалган кыргыз баатырынын эстелиги тургузулган.


Этикеткалар: #Изник , #кыргыз

Тектеш кабарлар