Түркиядан ТКТРна 50 миң доза Ковид-19 вакцинасы жөнөтүлдү

Вакциналар Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине тапшырылды.

1662445
Түркиядан ТКТРна 50 миң доза Ковид-19 вакцинасы жөнөтүлдү

Түркия коронавирус жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүүнүн алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) дагы 50 миң доза Синовак вакцинасын жөнөттү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүгө ылайык, вакциналарды ташыган Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таандык тез жардам учагы Эржан аэропортуна конду.

Вакциналар Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине тапшырылды.

Ошентип, Түркиянын ТКТРга жиберген вакцинанын көлөмү 290 миң дозага жетти.



Тектеш кабарлар