«Türkiye Bursları» (Түркия стипендиялары) программасы Өзбекстанда таанытылды

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) тарабынан Өзбекстан жаштар союзунун имаратында өткөн таанытуу программасына көп сандаган өзбек жаштары катышты.

21 Mart 2020 06:39

«Türkiye Bursları» (Түркия стипендиялары) программасы Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте таанытылды.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) тарабынан Өзбекстан жаштар союзунун имаратында өткөн таанытуу программасына көп сандаган өзбек жаштары катышты.

Түркиянын Ташкенттеги Элчилигинин коммуникация кеңешчиси Давут Гази Бенли да катышкан иш-чарада Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) Эл аралык окуучулар штабынын башчысы Ахмет Атабаш, «Türkiye Bursları»  программасы туурасында маалымат берди.

Атабаш, 208 университети болгон Түркиянын камсыздаган стипендия программасы үчүн 170 өлкөдөн кайрылуу алгандарын белгиледи.

Түркиянын жыл сайын бакалавриат, магистратура жана докторантура деңгээлинде билим алган 4 миңге жакын эл аралык окуучуга стипендия мүмкүнчүлүгүн камсыздаганын айткан Атабаш, учурда Түркиядагы университеттерде өзбекстандык 800 студенттин билим алып жатканын маалымдады.

Атабаш, Түркияда университет билимин алган өзбекстандык жаштардын санын арттыруу жана ийгиликтүү өзбек жаштарга Түркияда билим берүүнү каалагандарын белгиледи.

Таанытуу программасынын алкагында өзбек журналист жана жаштардын суроолруна жооп берген Атабаш, иш-чарадан соң маалымат берди.

Атабаш, өлкөдөгү жолугушууларынын алкагында Жогорку билим берүү министрлиги, «Эл журт үмүтү» фонду жана Өзбестан Улуттук университетинде бир катар жолугушууларды өткөргөндөрүн жана бул жолугушуулардын эртең да улана турганын белгиледи.

Бул жолугушууда Өзбек органдарына Түркия стипендиялары туурасында маалымат бергендерин белгилеген Атабаш, Өзбек жооптуу кызматкерлеринин бул темага абдан жылуу карагандарын жана өзбек студенттердин Түркияда билим ала турган тармактары туурасында аларга сунуштарды жасагандарын баяндады.