Түркмөнстанда фотография көргөзмөсү өткөрүлдү

Түркмөнстанда өлкөнүн «Туруктуу тарапсыз өлкө» статусун алышынын 25 -  жылында эл аралык фотография көргөзмөсү жана конференция өткөрүлдү.

1417958
Түркмөнстанда фотография көргөзмөсү өткөрүлдү

 Түркмөнстанда өлкөнүн «Туруктуу тарапсыз өлкө» статусун алышынын 25 -  жылында эл аралык фотография көргөзмөсү жана конференция өткөрүлдү.

Түркмөнстан маданият министрлиги тарабынан өткөрүлгөн көргөзмөдө жергиликтүү жана чет элдик фотографчылардын өлкөнүн маданий жана табигый кооздуктарын тарткан фтотографиялары орун алды.

Иш чара чет элдик фотографчылар да катышкан видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн жыйын менен улантылды.

Түркмөнстан 1995 -  жылы 12 -  декабрда БУУнун Жалпы Кеңешинде чыгарылган бир чечим менен «Туруктуу тарапсыз өлкө» статусун алган.

Түркмөнстанда тарапсыздык мамлекеттин эң маанилүү принциптеринин бири катары кабыл алынып, тышкы саясат ушул статустун негизинде белгиленүүдө.

Ушул себептен Түркмөнстан коопсуздук жана аскердик мүнөздөгү союздаштыктарга кошулбайт, жерлеринде чет элдик аскердик базалардын курулушуна же жерлеринин чет элдик аскердик күчтөр тарабынан колдонулушуна уруксат бербейт жана тарапсыз статусун тебелей турганын ойлогон саясаттардан алыс турууда.



Тектеш кабарлар