Венгрия Түркияга ыраазычылыгын билдирди

Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Питер Шиярто,социалдык медиа барагы Фейсбуктан маалымат бөлүштү.

1386358
Венгрия Түркияга ыраазычылыгын билдирди

Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Питер Шиярто, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүү жаатында өлкөсүнө жардам берген Түркияга ырахматын айтты.

Социалдык медиа барагы Фейсбуктан маалымат бөлүшкөн Питер Шиярто, Венгриянын коронавирус менен күрөшүүсүнүн алкагында өткөн күндөрдө Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен (Түрк Кеңешинен) жардам сурагандарын маалымдады.

Ушул алкакта Түркиянын бет кап жасоодо колдонула турган 8 тонналык текстилинин Венгрияга экспорттолушуна уруксат бергенин, Өзбекстандын болсо 150 миң бет кап жөнөткөнүн белгилеген Шиярто: «Түрк жана Өзбек өкмөттөрүнүн жардамы абдан маанилүү жана ыраазычылык билдиребиз. Чыныгы дос кыйын күндөрдө белгилүү болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар