Вирусту жуктуруп алган түрк жарандары өлкөгө алып келинди

Саламаттык сактоо министрлиги Казакстанга жана Азербайжанга тез жардам учагын жиберген.

1453348
Вирусту жуктуруп алган түрк жарандары өлкөгө алып келинди

Казакстанда жана Азербайжанда коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) менен ооруган Түркиянын 4 жараны Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жөнөтүлгөн тез жардам учагы менен өлкөгө алып келинди.

Казакстанда Ковид-19 диагнозу коюлган 39 жаштагы Ибрахим К., 55 жаштагы Халил К. жана 42 жаштагы Ибрахим В. менен Азербайжанда жашаган 41 жаштагы Али У. дарыланууларын Түркияда улантууну суранышкан.

Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигине таандык тез жардам учагы бейтаптарды өлкөгө алып келүү үчүн кечээ борбор шаар Анкарадагы Эсенбога аэропортунан жолго чыгып, Алматы-Астана-Баку каттамдарынан кийин өлкөгө кайтып келди.

Бул бейтаптар тез жардам унаалары менен дарылана турган ооруканаларга жеткирилди.



Тектеш кабарлар