YTBдан Каледеги качкындар лагерине жардам...

Франциянын Манш деңиз жээгиндеги порт  шаары Каледе орун алган жана «Жапайы токой» деп аталган качкындар лагери француз полициясы тарабынан кулатылган. Бул жерде күткөндөр Англияга өтүүгө аракет кылышууда.

1419719
YTBдан Каледеги качкындар лагерине жардам...

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) менен Эл аралык Демократтар биримдиги (UID), Франциядагы Кале качкындар лагерине азык-түлүк, бет кап жана антисептиктерден турган жардам кутуларын таркатты.

UIDнын Бельгиядагы башчысы Басир Хамарат: «Туугандарыбыздын муктаждыктарын камсыздоого аракет кылуудабыз. Бет кап жана антисептиктерди өзүбүз өндүрдүк. Буюрса сооп тийет деп ойлойбуз»,-деп айтты.

Бельгия-Франция чек арасында Кале качкындар лагерине 2 жүк ташуучу унаа жана 13 кошумча унаа менен барган топ, качкындардын абдан татаал шарттарда жашагандарын видеого тартып алышты.

Азык-түлүк жана баш калкалоочу жай тартыштыгы болгон качкындарга 3 миң памперс, 2 миң бет кап, 1 антисептик, 300 азык-түлүк кутусу, 200 чатыр, 200 төшөк менен балдардын кийимдерин жана бут кийимдерди таркатты.

Франциянын Манш деңиз жээгиндеги порт  шаары Каледе орун алган жана «Жапайы токой» деп аталган качкындар лагери француз полициясы тарабынан кулатылган. Бул жерде күткөндөр Англияга өтүүгө аракет кылышууда.



Тектеш кабарлар