Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү

Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.

2132303
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Kırgızistan Azerbaycan'da okul kuruyor 2.jpg
Kırgızistan Azerbaycan'da okul kuruyor 3.jpg
Kırgızistan Azerbaycan'da okul kuruyor 4.jpg
Kırgızistan Azerbaycan'da okul kuruyor.jpg

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров армян баскынчылыгынан бошотулган Агдам облусунун Хыдырлы айылында Кыргызстан тарабынан курула турган мектептин пайдубалын түптөштү.

Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды. Физули шаарында армян оккупациясынын учурундагы кыйратууларды текшерген Алиев менен Жапаровго ал жерде жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү жана жакшыртуу иштери тууралуу маалымат берилди.

Андан соң эки лидер Агдам шаарына барышып, тарыхый эстеликтерди кыдырышты, аны улай курулуш жана көрктөндүрүү иштери менен таанышышты. Лидерлер калыбына келтирилген тарыхый Агдам жума мечитинин ачылышына да катышты.

Алиев менен Жапаров Агдамдын Хыдырлы айылына барып, ал жерде Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү.



Тектеш кабарлар