Жээнбеков Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга жана Түркия элине жер титирөөдөн улам көңүл айтты.

1347369
Жээнбеков Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга жана Түркия элине Элазыг облусунун Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

«Элазыг облусунун Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн жарандардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.



Тектеш кабарлар