Афганстанда аскерлер жаңылыштык менен атылды

Абадан кол салуу афган күчтөрү тарабынан же чет элдик күчтөр тарабынан ишке ашырылдыбы  азырынча белгисиз.

1304969
Афганстанда аскерлер жаңылыштык менен атылды

Афганстандын Логар аймагында болгон бомбалуу кол салууда жаңылыштык менен аскерлер атылды. Логар полиция жетекчиси Логардын Пул  -  и Алем шаарында Талибанга карата абадан кол салууда аскерлердин жаңылыштык менен атылгандыгын, төрт аскердин каза болгондугун, алтоосунун жаралангандыгын белгилеп бул тууралуу териштирүүнүн баштатылгандыгын айтты.

Абадан кол салуу афган күчтөрү тарабынан же чет элдик күчтөр тарабынан ишке ашырылдыбы  азырынча белгисиз.

Бир тараптан ошо эле Логар аймагында  Шинг лагерь аймагында күзөткө турган НАТО аскердик конвоюна бомба жайгаштырылган унаа менен кол салуу жасалды. Логар облустук кеңешинин өкүлү Мухаммед Касим Сиддики кол салууда адамдардын каза болуп же болбогондугу азырынча белгисиз экендигин белгилеп, НАТО аскерлеринин кол салуу болгон аймакка кеткен жолдорду унааларга жапкандыгын айтты. 

Кол салууну моюнга алган болбостон Афганстандагы НАТО бөлүктөрүнөн азырынча бир маалымат келген жок. 

 

 

 



Тектеш кабарлар