Афганстанда Талибан аскердик лагерге кол салды

Талибан уюму кол салууда 100дөн ашуун коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун айтты.

1129979
Афганстанда Талибан аскердик лагерге кол салды

Афганстандын Майдан Вардак аймагында Талибан мүчөлөрүнүн аскердик лагерлерге жасаган кол салуусунда 12 киши каза тапты. Майдан Вардак губернаторунун катчысы Абдулрахман Мангал 4 кол салуучудан бирөөсүнүн денесине жайгаштырган бомбаны лагердин кире беришинде жардырышынан кийин башка кол салуучулардын коопсуздук күчтөрү менен кагылыша баштагандыгын белгиледи.

Мангал 1 саатка жакын созулган кагылышуудан кийин 3 кол салуучунун жок кылынгандыгын айтты. Майдан Вардак облустук ооруканасынын башкы дарыгери Салым Асгархил кол салууда 12 кишинин каза болгондугун, 28 кишинин да жаралангандыгын белгиледи.

Талибан уюму болсо кол салууда 100дөн ашуун коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун айтты.



Тектеш кабарлар