Афганстанда Талибан кол салды

Кол салууда 14 аскер каза тапты.

1425632
Афганстанда Талибан кол салды

Талибан террористтеринин Афганстандын Пактия аймагында чек ара бөлүктөрүнүн пунктуна жасалган куралдуу кол салууда 14 аскер каза болду.

Афганстандын коргоо министрлиги террористтердин Пактиянын Данд  -  и Патан районундагы чек ара пунктуна куралдуу кол салганын билдирди.  Маалыматта кол салууда 14 аскердин каза болгону, 3 аскердин да жараланганы билдирилди. Кол салуудан кийин чыккан кагылышууда Талибандын да оор жоготууга учураганы маалымдалды.

Талибандан азырынча бул тууралуу маалымат бериле элек.

 

 

 



Тектеш кабарлар