Айрым өлкөлөрдө пандемиянын жайылуусу жана чара көрүүлөрү...

Дүйнөдө жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19) себебинен каза болгондордун саны 33 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 700 миңден ашты.

1387365
Айрым өлкөлөрдө пандемиянын жайылуусу жана чара көрүүлөрү...

Дүйнөдө жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19) себебинен каза болгондордун саны 33 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 700 миңден ашты.

Сирияда жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19) себебинен алгачкы өлүм катталып, жуктуруп алган 9 киши болгону жарыяланды.

Мароккодо жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) аныкталган 17 айлык бир ымыркай баланын көз жумгандыгы жарыяланды. Өлкөдө жалпы каза тапкандар 27ге, жуктуруп алгандар 450гө жетти.

Израилде жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19) себебинен каза тапкандардын саны 15ке жетти. Саламаттык сактоо министрлиги жалпы өлкөдө Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 3865ке жогорулаганын маалымдады.

Ковид-19 пандемиясынын себебинен 25 киши каза тапкан, жуктуруп алгандарлын саны 979га жогорулаган Индияда, премьер-министр Нарендра Моди, жугуштуу оорунун жайылуусуна бөгөт болуш үчүн өкмөттүн катуу чара көрүүлөрүнөн улам кыйын абалда калган атуулдардан кечирим сурады.

Моди: «Айрымдарыңыздын мага кыжырдана турганыңыздарды билемин, бирок бул катуу чара көрүүлөр бул согушту жеңип чыгуу үчүн керектүү»,-деди.

Модинин билдирүүсү, көчөгө чыгууга тыюу салуунун себебинен он миңдеген мигрант жумушчунун жумушсуз калышы жана коомдук транспорт тейлебегендиктен үйлөрүнө жөө кайтууга аракет кылуусунан кийин айтылды.

Сахаранын астындагы Африка өлкөлөрүнөн жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19) себебинен алгачкы өлүм катталган Буркина Фасодо, транспорт, шаардык кыймылдуулук жана жол коопсуздугу министри Винсент Дабилгоу, Ковид-19 тести позитив болуп чыкканын жарыялаган. Мындан мурда да Тышкы иштер жана билим берүү министри менен катар 5 министрде Ковид-19 аныкталган өлкөдө 12 киши каза болгон.

Батыш Африка өлкөсү Сенегалда Ковид-19ду жуктуруп алгандарын саны 12ге көбөйүп 115ке жетти. Өлкөдө Ковид-19 жуккан 27 киши айыкты.

Бир киши каза тапкан Нигерияда ушул убакка дейре Ковид-19ду жуктуруп алган 97 киши аныкталды.

Египетте болсо каза тапкандар 40, жуктуруп алгандардын саны 609 болду.

Тунис Ковид-19дун себебинен каза тапкандарын санын 8, жуктуруп алгандардын санын 312 деп жарыялады.

Иорданиянын Саламаттык сактоо министри Саад Жабир, ковид-19дун себебинен үчүнчү киши каза болгонун, 13 кишиде дагы Ковид-19 аныкталганын, ушундайча жалпы жуктуруп алгандарлын санынын 259га жеткенин, дарыланып чыккандардын саны 18 киши болгонун айтты.



Тектеш кабарлар