АКШ Иракка чакырык салды

Ак үйдүн билдирүүсү

1304249
АКШ Иракка чакырык салды

АКШ Ирак өкмөтүн митингчилерге карата күч колдонууну токтотуу, шайлоо реформасын ишке ашыруу жана эрте шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Ак үйдүн билдирүүсүндө Иракта митингчилерге, жарандык активисттерге, медиага карай кол салуулардын жана интернетке чектөө коюлушунун өтө тынчсыздандыруучу экени белгиленди.

Ирандагы режимдин Ирактын булактарын жок кылып жатканда жана тынчтыкчыл митингдерди токтотуу үчүн куралдуу топторду колдонуп жатканда Ирак элинин үн катпай тура албай турганы баса белгиленген билдирүүдө, өлүм менен аяктаган күч колдонууга жана интернет чектөөсүнө карабастан Ирак элинин үнүн угуза алгандыгы айтылды.

Ошондой эле Ирак өкмөтүнө митингчилерге карата күч колдонууну токтотуу, шайлоо реформасын ишке ашыруу жана эрте шайлоо өткөрүү чакырыгы салынды.

Ирактыктар жумушсуздук, капакорлук жана коомдук тейлөөнүн жетишсиздигине каршы өлкөнүн ар кайсы аймактарында митингге чыгып жатышат.

Октябрь айынын башында көчөлөргө чыккан митингчилер, Эрбейн аземдеринен улам тыныгуу берген нааразалык акцияларын 25-октябрда кайрадан баштаган болчу.



Тектеш кабарлар