АКШ Польшага учак сатат
Польша аскердик техникаларын жакшыртууда.
АКШнын Мамлекеттик катчылыгы, 6 жарым миллиард доллар наркындагы 32 даана F-35A үлгүсүндөгү бешинчи муундагы согуштук учактын Польшага сатылуусуна макулдук берди.
АКШнын коргоо, коопсуздук боюнча агенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сатуунун кадимки учуп-коно алган 32 даана F-35 A үлгүсүндөгү учак менен катар 33 даана F-135 кошумча мотор жана учактын электрондук согуш системасы сыяктуу көптөгөн бөлүктөрдү да камтыгандыгы маалымдады.
Билдирүүдө өзгөчө: «Бул сатуу аймактагы кол салууларга бөгөт болуу темасында Польшага ишенимдүү коргонуу жөндөмүн алып келет жана АКШ күчтөрү менен биргелеше иштешүүнү камсыздайт»,-делди.
Польша Орусиянын МИГ-29 жана СУ-22 учактарын жаңылоо аракеттеринин бир бөлүгү катары F-35 сатып алууга карата талабын АКШга май айында билдирген болчу.
Варшава башкаруучулугунун, өлкөнүн аскердик техникаларын жакшыртуунун алкагында 2026-жылга чейин 47 миллиард долларлык каражат сарпташы күтүлүп жатат.
АКШдан 2017-жылы 10 жарым миллиард долларлык «Патриот» абадан коргонуу системасын сатып алган Рольша, акыркы убактарда ракетадан коргонуу системалары менен катар наркы 2 миллиард долларга жеткен аскердик техникаларды сатып алган болчу.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.