АКШ сенаты уйгур түрктөрүнө байланыштуу мыйзам долбоорун бекитти

Демократ сенатор Боб Менендез менен Республикачыл сенатор Марко Рубио тарабынан сунуш кылынган «Уйгур адам укуктары саясатынын мыйзамы» деген темада мыйзам долбоору сенаттан өттү.

1269008
АКШ сенаты  уйгур түрктөрүнө байланыштуу мыйзам долбоорун бекитти

АКШ сенаты Кытайдын уйгур түрктөрүнө карата ишке ашыруулары тууралуу кенен бир отчет даярдоосун күткөн мыйзам долбоорун бекетти.

Демократ сенатор Боб Менендез менен Республикачыл сенатор Марко Рубио тарабынан сунуш кылынган «Уйгур адам укуктары саясатынын мыйзамы» деген темада мыйзам долбоору сенаттан өттү.

Ушуга караганда АКШнын тийиштүү мекемелеринен «Кытай өкмөтүнүн Синжан уйгур автоном аймагында жасаган кысымы» жана «1 миллионго жакын уйгур түркүнүн лагерлерге жайгаштырылгандыгына» байланыштуу кенен бир отчеттун даярдалышы талап кылынды.

Бир тараптан долбоордо АКШда жашап Кытай жасаган кысымдарга каршы аракетке өткөн уйгурлардын Синжандагы үй  - бүлө мүчөлөрүнө карата коркутуу жана качыруу кыймылдарынын да териштирилиши талап кылынды.

Кытайда акыркы жылдарда уйгур түрктөрү жашаган Синжан уйгур автоном аймагында билим берүү борбору деген аттын астында иш алып барган лагерлер менен уйгурлардын күбөлүк жана маданияттарына карата эреже бузуулар эл аралык коомчулук тарабынан сынга алынууда.

БУУнун Адам Укуктары Кеңешине мүчө 22  өлкө 11 -  июлда Кытайдын Синжан уйгур автоном аймагындагы уйгур түрктөрү жана башка азчылыктарга карата мамилесин сынга алган жана массалык камоого алуулардын токтотулушуна чакыруу салынган катка кол койгон.

Адам Укуктарын Иликтөө Уюмунун отчетунда акыркы эки жылда Синжан уйгур автоном аймагында көп сандаган кишинин «Криминалга каршы иш чаралар» деген аттын астында күнөөсүз жерге камалгандыгы жана саясий жактан коркунучтуу деп каралган кишилердин эч бир сот чечими болбостон чогултуучу лагерлерге жиберилгендиги белгиленген.



Тектеш кабарлар