АКШда «Исайяс» бороону эки адамдын өмүрүн алды

Бороон-чапкын Түндүк Каролина менен бирге Виржиния, Мэриленд жана Делавэр штаттарында да куюнга себеп болду.

1467563
АКШда «Исайяс» бороону эки адамдын өмүрүн алды

Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) таасирин тийгизген «Исайяс» бороон-чапкыны тропикалык шамалга айланып, анын кесепетинен 2 адам каза болду, 20 адам жаракат алды.

Кечээ кечинде Түндүк Каролина штатына жеткен «Исайяс» бороону ылдамдыгы саатына 60 чакырымга жеткендиктен "тропикалык бороон" категориясына киргизилди.

Бороон-чапкындан улам пайда болгон куюндун айынан Түндүк Каролина штатындагы бир каравандагы 2 адам каза болуп, ошол эле аймактагы 20 адам да жаракат алып ооруканага жеткирилди.

Бороон-чапкын Түндүк Каролина менен бирге Виржиния, Мэриленд жана Делавэр штаттарында да куюнга себеп болду.

Катуу шамалдан улам түндүк-чыгыш штаттардагы 2,7 миллиондон ашык адам электр жарыксыз калды.

Адистер «Исайяс» бороонунун түндүккө карай жыла турганын белгилешип, бул аймактарда жашаган адамдарды этият болууга чакырышты.



Тектеш кабарлар