АКШда кар бороону

АКШда суук аба жана кардын аба транспортуна тийгизген тескери таасиринен улам бир киши каза болду.

1129987
АКШда кар бороону
abd kar firtinasi1.jpg

 АКШнын ортоңку жана түштүк – чыгыш аймактарын таасири астына алган кар бороону менен суук аба жана кардын аба транспортуна тийгизген тескери таасиринен улам бир киши каза болду.

Учак каттамдарын текшерүүгө алган FlightAware фирмасынын билдиргенине караганда Бостондун Логан аэропортундагы жана  АКШдагы башка 5 миңге жакын учуу ыңгайсыз аба шарттарынан улам токтотулду.

Чикаго, Нью – Йорк, Бостон жана Вашингтон ДСнин ортосундагы Амтрак поезд каттамдарынын да жоюлгандыгы билдирилди.

Улуттук аба ырайы кызматы Миссури аймагынын түштүк – батышынан Мэн аймагынын түндүгүнө чейин 15 аймакты таасири астына алган кар бороону жана суук абадан улам эскертүү жана сунуштарды билдирди.

Аризона Феникстен учкан жана 129 жүргүнчүсү болгон United Airlinesке таандык бир учак Чикаго О'Хара эл аралык аэропортуна конууга аракет кылып тайгак жолдо аянттан чыкты. Жетекчилер окуяда каза болгон же жаралангандардын болбогондугун белгиледи.

Кансаста кар тазалоо унаасынын көңтөрүлүшү менен бир киши каза болуп, Миссуридеги 55  - автомагистралда 15 унаа бир биринин артынан кырсыкка учурады.

New Englandда кардын калыңдыгы 60 сантиметрге, Нью – Йорктун түндүк бөлүктөрүндө да 30 сантиметрге жетти. Бүгүн кечинде абанын - 35 градуска чейин төмөндөй тургандыгы билдирилди.

Кар бороону жана суук абанын уюлдардан келген жогорку басымдуулук менен түштүктөн келген төмөнкү басымдын кагылышуусунан келгендиги белгиленди.

АКШнын президенти Дональд Трамп да твиттер эсебинен кар бороону каптаган аянттын чоңдугуна басым жасап, америкалыктарды этият болууга чакырды жана : «Кар бороонунун чоңдугу таң калтыруучу. Азыркы учурда ал эски глобалдык ысынуунун бир азына ээ болсок жаман болбос эле»,- деди.



Тектеш кабарлар