АКШда мусулмандар менен мусулман эмес коомдор өрттөлгөн мечитке колдоо көрсөтүштү

Ким экендиги белгисиз киши же кишилер тарабынан өрттөлгөн Нью-Хейвен Диянет мечитинде жетекчилердин иш алып баруусу улантылып, мечиттин жамааты жана жергиликтүү эл тилектештик иш чарасын өткөрдү.

1203218
АКШда мусулмандар менен мусулман эмес коомдор өрттөлгөн мечитке колдоо көрсөтүштү

 АКШнын Коннектикут аймагындагы Диянет мечитинин базар күнү өрттөлүшүнөн кийин аймактагы мусулман жана мусулман эмес коомдор мечитке колдоо берүү үчүн биригишти.

Ким экендиги белгисиз киши же кишилер тарабынан өрттөлгөн Нью-Хейвен Диянет мечитинде жетекчилердин иш алып баруусу улантылып, мечиттин жамааты жана жергиликтүү эл тилектештик иш чарасын өткөрдү.

Мечитте өткөрүлгөн иш чарага мусулман болбогон жана мусулман жергиликтүү калк, мечиттин жамааты менен мечиттин жетекчилери, Нью -  Йорк дин кызматтары аташеси Синан Деделер, Америка диянет борборунун төрагасы доктор Фатих Канжа, Нью-Хейвен муниципалитет төрагасы Тони Харп, Нью-Хейвен полиция жана өрт өчүргүчүнөн жетекчилер катышты.

Эдирне Селимие мечитинин имамы Сүлейман Демирайдын Куран Керим окушу менен башталган иш чара дин иштеринин төрагасы Али Эрбаштын Нью – Хейвен мечитине жасалган кол салуу тууралуу  билдирүүсү окулуу менен башталды.

Иш чарада Коннектикут башкы прокурорунун атынан сөз сүйлөгөн адвокат Жошуа Перри  болсо мечитке кол салгандарды таап керектүү жазага тартылышы үчүн колунан келгенди аткаруу убадасын берди.

Аймактагы мусулман коомдордун лидерлери менен бирге еврей дин кызматкери Херб Брокман, маала тургундары мечитке колдоо көрсөтүшкөндөрүн белгилешти.



Тектеш кабарлар