АКШда жанын кыйган аскерлер

АКШда 2001 -  жылы болгон 11 -  сентябрдагы кол салуулардан бери 30 000ден ашуун аскер жанын кыйды.

1663437
АКШда жанын кыйган аскерлер

АКШда 2001 -  жылы болгон 11 -  сентябрдагы кол салуулардан бери 30 000ден ашуун аскер жанын кыйды.

АКШнын Род-Айленд штатындагы Браун университетинен Томас Ховард Сюитт жүргүзгөн иликтөөдө Ардагерлер башкармалыгынан алынган маалыматтар каралып чыкты.

Сюитт согуштарда каза болгон аскерлердин саны 2007 -  жылдан бери маанилүү өлчөмдө азайгандыгын бирок жанын кыйган аскер санында акыркы жылдарда өсүү болгондугун белгиледи.

Изилдөө АКШнын  агрессивдүү тышкы саясат жүргүзө баштагандыгы, Ирак жана Афганистандын басып алынышына негиз даярдаган 11 -  сентябрдагы кол салуулардан кийин кызматка алуу учурунда же кызматка алынгандан кийин 30 миң 177 аскердин жанын кыйгандыгын көрсөттү.

Буга карабастан ушул эле мезгилде согушта каза болгон АКШ аскер саны  7057 болуп белгиленди.

Аскерлерди жанын кыюга жетелеген себептердин арасында катуу аскердик машыгуу, стрес, травма, жарандык турмушка көнө албагандык орун алды.



Тектеш кабарлар